Жаңылыктар
Ош шаарында коронавирустун очогу аныкталган эки мектеп карантинге жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында коронавирустун очогу аныкталган эки мектеп карантинге жабылды

Ош шаарында ковиддин очогу аныкталган эки мектеп карантинге жабылды. Мындай чечим калаадагы Олимп жана Жетиген орто мектептериндеги эки окуучудан жугуштуу тумоо аныкталгандан кийин кабыл алынды. 

Оору жуккан балдардын классташтары да ПЧР-тест тапшырды, алардын саламаттыгы 14 күнгө чейин аймактык дарыгерлердин көзөмөлүндө турмакчы. Тумоонун жайылып кетишин алдын алуу максатында, ооз ачаардан кийин тамактанчу жайлар менен мечиттерге карата санитардык рейд жүргүзүү чечими кабыл алынды.

"Сырттан кирүү тобокелчилиги жогору. Оору аталган калаада да көбөйө баштады. Ооз ачаардан кийин, кафе-ресторандарда киши санын чектен ашырбоо, ушундай эле талап мечиттерде да коюлат",- деди Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов.