Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-апрелде мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган саясат таануучу жана анын шериги Марат Токтоучиковдун баш коргоо чарасы каралды.
Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Марат Казакпаев 14-июнга чейин, ал эми Марат Токтоучиков 13-июнга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.
Эске салсак, УКМК 13-апрелде мамлекетке чыккынчылык кылган эки жаран кармалгандыгын кабарлап, алардын бирөө серепчи Марат Казакпаев экендигин ачыктаган.