Жаңылыктар
Мектеп мугалиминин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду
Кылмыш
Мектеп мугалиминин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Кашкадарыя облусуна караштуу Чиракчин районунда англис тил мугалиминин сабалышы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Өзбекстан элдик билим берүү министрлиги билдирди.

Буга чейин англис тил мугалими Шохнур Оккузиев окуучусуна «эки» койгону үчүн аны баланын үч агасы сабап койгону кабарланган. Мугалим ооруканага жаткырылган. Окуя 6-апрелде болгон.

Эки алган бала мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басарынын уулу, мугалимди сабагандар ушул эле мектепти бүтүрүп кеткен балдар экени аныкталган.