Күйүүчү майдын жетишсиздиги жазгы айдап-себүү иштерине байланыштуу. Бул туурасында "Биринчи радионун" эфиринде вице-премьер-министр, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.
Кыргызстанда күйүүчү майдын литринин баасы 47-48 сомго жетет, Россияда сом менен эсептегенде 50 сом, Арменияда андан да жогору. Биз толугу менен импорттон көз карандыбыз. Мындан тышкары, Россияда эки мунайды кайра иштетүүчү завод ишин токтотту. Ушундан улам баа жогорулоодо - деди Кармышков.
Ошондой эле жакында эле президенттин Казакстанга сапарында салыксыз күйүүчү май алуу боюнча сүйлөшүүлөр болгонун айтты. Маселе чечилсе, Казакстандан кошумча төлөмсүз бензин ала баштайбыз - деди ал.