Кыргызстан өндүргөн күн карама ички керектөөнүн 17 пайызын камсыздайт. Бир нече жыл мурда үрөн өлкөнүн бардык жеринде өстүрүлүп баштаган.
Аны иштетүүчү цехтер пайда болуп, күн карама майы көп өндүрүлүп, баалар төмөндөп кеткен. Буга байланыштуу дыйкандар бул өсүмдүктү өстүрүүнү токтотушкан. Вице-премьер-министр Улукбек Кармышаковдун айтуусунда, айыл чарба министрлиги менен ири заводдорго өсүмдүк майын өндүрүү боюнча жардам көрсөтүү тууралуу маселе каралды.
Сөз Жалал-Абад облусундагы ишкананы кайра жандандыруу туурасында болууда. Быйыл 1 миллиард 112 миллион сом айыл чарбасын каржылоого жумшалат. Программанын алкагында 372 миллион сом мал чарбасын, өсүмдүктөрдү өстүрүү жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө багытталат.