Жаңылыктар
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатында 15 өлкөнүн ичинен 3-орунду ээледи
Спорт
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Азия чемпионатында 15 өлкөнүн ичинен 3-орунду ээледи

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээледи.

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты 13-14-апрель күндөрү болуп өттү. Мелдеште жалпы 10 топтом медаль ойнотулуп, Кыргызстандын атынан Азат Эркимбаевдин жетекчилигинде10 балбан катышты. Кыргыз спортчулары 3 күмүш жана 5 коло медаль жеңүү менен командалык эсепте 3-орунга жайгашты. Биринчиде Иран, экинчи орунду Казакстан жана 4-5-орундарды Япония менен Корея ээледи.