Жаңылыктар
Тенти Орокчиев - Некролог
Маданият
Тенти Орокчиев - Некролог

Акын, котормочу жана  ардагер  радиожурналист Тенти  Орокчу  уулу  83 жашка  караган  курагында  дүйнө  салды.

      Тенти  Орокчу  уулу Тоң районуна караштуу Көк-Сай  айылында  1938-жылы   8-сентябрда туулган.

    1963-жылы Караколдогу Пржевльск  педагогикалык  институтту аяктап, 1963–1965-жж. Кочкор районундагы мектептерде мугалим, 1965–1969-жж. «Мугалимдер газетасында» 1969–1973-жж. Кыргыз Совет Энциклопедия-сында (КСЭ) илимий редактор,

    1973жылдан –2002-жылга  чейин,  Кыргыз  Республикасынын  телерадиокомитетинде  иштеген.

     Тенти Орокчу уулунун 1978-жылы «Мекенимди даңктаймын» деп аталган алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Казак жазуучусу А.Шымбатыровдун «Ак-Сай жайлоосунда» деп аталган повесть жана аңгемелер жыйнагын казак тилинен которгон.

    1991-жылы радиожурналист Тенти Орокчу уулунун  кыргыздын  белдүү  акын, жазуучулары менен  өткөзгөн  радиомаектери өзүнчө  том  болуп жарыкка чыккан.

Тенти  Орокчу уулунун кыргыз радиосунун «Казына» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесиндеги эмгек жолунда очерктер, радиоочерктер, радиокомпозициялар, радиоэсселер жана бир, бир жарым саатка созулган радиомаектери  болуп 3500гө жакын уктуруулар даярдалган. Алардын 200 саатка жакыны Улуттук телерадиокорпорация менен Мамлекеттик архивдин алтын фондунда сакталып турат.

      Ошондой  эле  жума  сайын  жарым  сааттан «Таберик» аттуу көркөм жана публицистикалык  радиотүрмөгүн  үзбөй  эфирге чыгарып келген.

       Тенти  Орокчу  уулу  Кыргыз  Радиосунан  ардактуу  эс  алууга чыккандан  кийин, «Кыргыз руху» гезитинде баяндамачы жана "Манас" радиосунда "Таберик" уктуруусунун автору жана алып баруучусу болуп иштеген.

        Тенти  Орокчу  уулунун Радиожурналистик  көп жылдык жана чыгармачылык эмгеги эске алынып, 1997-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 1998-жылы «УТРКнын отличниги» деген ардак наамдар ыйгарылган.

1994-жылы Кыргыз Республикасынын Эл баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен болгон 25 сааттан ашык маеги үчүн «Эл аралык Түгөлбай-ата коомунун сыйлыгын алган.

1994-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, 1973-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.

 Кыргыз  радиосунун  ардагер  журналисти , «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 1998-жылы «УТРКнын отличниги» “Даңк” медалынын ээси, акын  жана  котормочу  Тенти  Орокчу   уулу, арабыздан  кеткендигине  байланыштуу  Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын  жамааты  үй-бүлөсүнө,  туугандарына  көңүл  айтабыз. Анын  эмгектери  жана  элеси  көргөн  билгендердин  эсинде  сакталат.

            КТРКнын  жамааты.