Жаңылыктар
Медакадемиянын ректоруна каршы чыккандар арбыды
Билим
Медакадемиянын ректоруна каршы чыккандар арбыды

Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын айрым окутуучулары жаңы эле дайындалган ректору Индира Кудайбергенова каршы чыгууда. Алар башка талапкерлер көп добуш алганына карабай ректордун орду Кудайбергеновага берилгенине нааразы. Мындай дайындоого бир катар коомдук ишмерлер сын пикирлерин билдирүүдө.

Бул 3 мырза жана бир айым - өздөрүн медицина академиясынын жамаатынын парламентарийлери деп эсептешет. Алар ректор Индира Кудайбергеновага каршы сүйлөөдө. Алардын бирөө, мамлекет башчыга жазылган кайрылууну окуп берди. 

Индира Кудайбергенова ушул жуманын шаршемби күнү өкмөттүн буйругу менен дайындалган болчу. Ректорду июндун аягында жамаат добуш берүү аркылуу тандаган. Анда Индира Кудайбергенова 139 добуш алган эле. Ал эми, медицина илимдеринин докторлору Ишенбек Сатылганов менен Доктурбек Адамбековдор 185 жана 166 добуштан алып алдыга чыгышкан. 

Индира Кудайбергенованын каршылаштары - жаңы жетекчи бул кызматка таза келген жок деп эсептешет. Көрсө анын проректорлук кызматты аркалап турган учурга байланыштуу айта тургандары бар экен. 

Маалымат жыйынынан кийин апрель окуясынын катышуучулары, Индира Кудайбергенова буга чейин Бакиевдер менен тыгыз байланышта болгон деп айтып чыгышты. 

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118