Жаңылыктар
Мамрезерв фонду калктын аялуу катмарына кант жана өсүмдүк майын тизме боюнча бөлүштүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Мамрезерв фонду калктын аялуу катмарына кант жана өсүмдүк майын тизме боюнча бөлүштүрүүдө

Азык-түлүктүн баасы мезгилдүү фактор менен байланыштуу, бирок соңку жумаларда күрүч, помидор жана бадыраңдын баасы төмөндөп жатканы байкалууда. 

Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаковдун айтуусунда, жаңы чыккан жашылча жемиштин базарда көбөйүшү менен баа дагы ылдыйлайт. Азыр экономиканын калыбына келүүсү жайыраак. Бирок пандемиянын үчүнчү толкуну бааларга таасир этпейт деген үмүт бар. Министр Айыл чарба министрлиги уюштуруп жаткан азык-түлүк жарманкенин дарегине айтылган сын-пикирлерге комментарий берип, айыл чарба министри жума сайын дем алыш күндөрү өкмөттүн өкүлдөрү менен азык-түлүк жарманкелерине барарын айткан. 

"Мамлекеттик материалдык резервдер фонду сатып алган азыктар 100 пайызга даректүү жетип жатат деп айта албайм. Бирок кант жана май социалдык аялуу топтордун тизмеси боюнча бөлүштүрүлөт. Тамак-аш азыктарын сатып алуу жана камсыздоо Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун милдети. Калгандары Саламаттык сактоо министрлигинин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын базасында, алар чындап муктаж болгондорго таратууга аракет кылышат. Азык-түлүктү ким алаарын көзөмөлдөө формалары дагы бар. Эгерде азык-түлүктүн таратылып берилишинде мыйзамсыздыкты далилдей турган фактылар болсо, анда бул жөнүндө билдиребиз, жарандар дагы кырдаалдар жөнүндө билдире алышат", - деди ал.