Жаңылыктар
ЕАЭБ: “Ысык-Көл-2016” экономикалык форум башталды
Экономика
ЕАЭБ: “Ысык-Көл-2016” экономикалык форум башталды

Чолпон-Ата шаарында “Ысык-Көл-2016” экономикалык форуму башталды. Быйылкы иш-чара ишкерлик багытындагы кызматташтык жана өнүгүү маселесине арналууда. Форумда айыл чарба, туризм жана экология, тоо кен тармагы, энергетика, каржы, телекоммуникация жаатында кызматташуу маселелери талкууланууда. Экономикалык иш-чарага Кыргызстан, Түштүк Корея, Индия, Түркия жана Кытайдан экономисттер катышууда.

Кыргызстан - Кытай, Россия жана Казакстан өлкөлөрү менен чектеш жайгашып, соода байланыштарын жүргүзүүгө ыңгайлуу экени белгилүү. Демек, өлкө ЕАЭБке мүчө болуу менен инвеститциялык ири долбоолорду тартууга шарт тузүлдү. Экономикалык өсүштү бекемдеген бул жол - экономикалык реформаларды жүргүзүүгө жол ачты.

Кыргызстан минералдык ресурстарга бай. Мисалы алтындын кору 566 тоннаны түзөт. Мындан сырткары уу коргошун, сурьма, олвонун бай кору бар экени аныкталган. Анан калса гидроэнергетикалык потенциалы чоң. Бүгүнкү күндө Кыргызстан бул көрсөткүчтүн болгону он гана пайызын колдонууда. Демек биздин өлкө башка өнөктөштөр менен кызматташуусун жогорулатууга умтулушу кажет.

Форумдун жыйынтыгында, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү айыл чарба, гидроэнергетика, тоо кен өндүрүшү жана туризм багыттары боюнча меморандумга жетишти.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118