Жаңылыктар
Реп ырчысы Бегиш үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кетет
Маданият
Реп ырчысы Бегиш үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кетет

Белгилүү рэп ырчысы Бегиш үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кетет. Бул тууралуу социалдык тармактардан ырчынын достору жана туугандары билдирди.

12-апрель күнү Бегиштин кызы Еванын тою өткөрүлгөн. Чакырылган коноктор тойдон сүрөткө түшүшүп, “биз силерди сагынабыз” деп баракчаларына жарыялашкан.

“Бегиш АКШга 2 жылга (балким андан да көп) кетип жатат. Прогрессивдүү жаштар кетип жатканы өкүндүрөт”-деп жазды журналист Эркин Рыскулбеков.