Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КТРКнын отличниги, маркум Тенти Орокчу уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты 16-апрелде саат 10:00до КТРКнын алдында өтөт.
Анын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. Тенти Орокчу уулу эмгек жолун мугалимдик кесиптен баштап, бир нече гезиттерде баяндамачы, кийин илимий редактор болуп, "Манас" радиосунда "Таберик" уктуруусунун автору жана алып баруучусу болуп иштеген.
Ал бир катар повесть, ангемелерди которуп, өзүнүн ыр жайнагын чыгарган. Анын эмгектери жана элеси түбөлүктүү сакталат жана шакирттери үчүн табылгыс булак болуп кала берет, - деп эскеришет маркумдун жакындары жана кесиптештери.