Жаңылыктар
Жээнбеков 1 күндүк иш сапары менен Таласта болуп кайтты
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков 1 күндүк иш сапары менен Таласта болуп кайтты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир күндүк жумуш сапары менен Талас облусунда болду. Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Тараз-Талас унаа жолундагы иштердин жүрүшү, Таластагы ветеринардык дарт аныктоо борборунун абалы, малдын кулагына бирка басуу иши жана Кара-Буурадагы логистикалык борбордун, ошондой эле фермердик чарбанын иши менен таанышты.

Ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-капка» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктуна барып, Кара-Буура районундагы «Сарымсак» каналын реабилитациялоо жана Талас облустук драма театрынын курулуш иши менен таанышты.

Сапар жүрүшүндө Өкмөт башчы Талас шаарындагы ветеринардык дартты аныктоочу аймактык борборго да барды. Борбордун башкы милдети - мал-жандыктардын, анын ичинде канаттуулардын, балыктардын, аарылардын жана башкалардын ооруларынын алдын алуу жана жоюу боюнча иликтөөлөрдү жүргүзөт. Жаңы имараттын сметалык наркы 20-25 млн сомго жакын деп эсептелүүдө Сооронбай Жээнбеков борбор курулушун тездетүүнү тапшырып, анын ыңгайлуу орунда жайгашкандыгын белгиледи. 

Андан соң Өкмөт башчы Кара-Буура районунда малды идентификациялоонун ишке ашырылышы менен таанышты. Премьер идентификациялоо иши - айыл чарба жана эт азыктарын экспортко чыгарууда аларды эл аралык талаптарга дал келтирүү максатында жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет өлкөнүн унаа жолдорун куруу жана реконструкциялоого чоң көңүл бурууда. Бул тууралуу Премьер-министр Тараз-Талас-Суусамыр жолун реабилитациялоо ишинин жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, иштин сапаттуу аткарылышы зарыл. 

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118