Жаңылыктар
Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү 768 укук бузуу фактысын аныктады
Кыргызстан жаңылыктары
Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү 768 укук бузуу фактысын аныктады

Ушул жылдын 1-кварталында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү 768 укук бузуу фактыларын аныктады. 

693ү бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, козголгон иштер боюнча 2 млн. 900 миң сом айып өндүрүлүп, 13 млн. 700 миң сомдун бажы төлөмдөрү төлөнгөн. Ал эми кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75 факты катталып, 33 млн. 600 миң сом келтирилген зыяндын орду толтурулган. 

Бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында 26 млн. 300 миң сом суммасында төлөмдөр жыйналган. 2021-жылдын 1-кварталындагы иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке 76 млн. 400 миң сом түштү.