Жаңылыктар
Добуш сатып алган партиялар тууралуу материалдар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына келе элек - Маматов
Кыргызстан жаңылыктары
Добуш сатып алган партиялар тууралуу материалдар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына келе элек - Маматов

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Бишкекте добуш сатып алуу фактысы боюнча милиция козгогон иш тууралуу материалдар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына келе элек. Бул туурасында биздин каналга Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. 

Милиция добуш сатып алуу фактысы боюнча иш козгогон. Борбор калаадагы №12,08 шайлоо участогунда добуш сатып алуу аракети болгонун тилкедеги тартипке көз салып турган милиция кызматкери кабарлаган. Анда жаран НДПК партиясына добуш топтоо максатында шайлоочуларга миң сомдон акча таратканын билдирген. Милиция бул факты тууралуу Жоруктар кодексинин "Шайлоочуларды сатып алуу" беренеси менен иш козгоп, сотко чейинки өндүрүшкө алган.

Тергөөнүн жыйынтыгында шайлоо тилкесинин жанынан "Равон" үлгүсүндөгү унаадан үч жаран "добуш сатып алууга" шек саналып, кармалган. Унааны тинтүү учурунда партиянын үгүт материалдары табылган. Ал эми экинчи жарандын капчыгынан 18 миң 700 сом, 202 доллар, 4 миң рубль алынган. Шектүүлөр милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Ички иштер министрлиги 11-апрелдеги шайлоо жана референдумга добуш берүүдө түрдүү мыйзам бузууларга байланыштуу 70 кайрылуу келип түшкөнүн кабарлаган. Анын отузу тастыкталбагандыктан, иштен кыскартылган. Добуш берүүгө жалпы өлкө боюнча 370 байкоочу көз салган "Жалпы иш" коомдук уюму шайлоодо мыйзам бузулушу мүмкүн делген жүздөн ашык учур катталганын кабарлады. Алардын 65и Бишкекте, 36сы Ош шаарында орун алган. Жарандар добуш сатып алуу фактысы аныкталган партиялар шайлоодон четтетилиши керектигин айтышууда.