Жаңылыктар
Спортчу Мээрим Жуманазарова Казакстандагы Азия чемпионатында алтын медаль утту
Спорт
Спортчу Мээрим Жуманазарова Казакстандагы Азия чемпионатында алтын медаль утту

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын спортчусу Мээрим Жуманазарова Казакстандагы Азия чемпионатында алтын медаль алды. 

Чемпионат 13-апрелде Алматы шаарында башталган. Жуманазарова 68 кг салмакта өзбекстандык Озода Есбергенованы 11:1 жана казакстандык Анастасия Панасовичти 10:0 ири эсепте артта калтырган. Жарым финалда мекендешибиз Кореядан келген Чон Ын-Сунду 6:0 эсебинде утуп, финалга чыккан. Финалда кыргызстандык спортчу монголиялык Делгерма Энксайханды 6:1 эсебинде жеңип, алтын медалды тагынды.

Ушул эле күнү Айпери Медет кызы 76 кг салмакта алтын үчүн казакстандык Элмира Сыздыкова менен беттешип, утулуп калды. Мелдеш 18-апрелге чейин уланат. Аталган чемпионатка Айсулуу Тыныбекова жана Назира Марсбек кызы да катышууда. Эскерте кетсек, Казакстандын Алматы шаарында 9-11-апрелде Олимпиада оюндарына лицензия бере турган Азия квалификациялык мелдешинде кыргызстандык балбандар Олимпиада оюндарына 6 жолдомо жана 9 медаль алган.