Жаңылыктар
Азиздер менен дүлөйлөрдү ким алдады?
Кыргызстан жаңылыктары
Азиздер менен дүлөйлөрдү ким алдады?

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнө батирлерди бөлүштүрүү боюнча түзүлгөн атайын комиссия мыйзам бузууларды аныктады. Иликтөөнүн жыйынтыгы батирлер башка эле адамдарга берилгени анык болду. 

Буга чейин ден соолугунан жабыркаган жарандар азиздер жана дүлөйлөр коомунун мурдагы төрагасы Калык Мамбетакуновго каршы акцияларды да өткөрүп келген. Бирок жыйынтык болгон эмес. 25 жыл ичинде Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда бул коомдун мүчөлөрү үчүн көп кабаттуу 4 үй курулган.

Көзү ооруган Жамила Темирбаева азиздер жана дүлөйлөр коомуна 1996-жылы кирип, 2009-жылы батир алуу үчүн кезекке турган. Андан бери 7 жыл өттү, бирок эмдигиче батирден кабар жок. 

Оорулуу адамдар батирлерди бөлүштүрүүдө коррупция болгон деп Кыргызстандагы азиздер жана дүлөйлөр коомунун мурдагы төрагасын айыптап жатышты. Алар ушул жылдын май айында бул коомду 25 жыл жетектеген мурдагы төрага Калык Мамбетакуновго каршы митингге чыккан. Июндун башында болсо депутат Дастан Бекешов баштаган жумуш тобу түзүлгөн. Бир ай аралыгында батир алган жарандардын тизмеси текшерүүдөн өткөрүлдү. Комиссия чыгарган жыйынтык боюнча мыйзам бузуулар тастыкталды. 

Азиздер жана дүлөйлөр коомун 25 жыл жетектеп келген Калык Мамбетакунов ден соолугуна байланыштуу, текшерүүнүн жыйынтыгына чейин эле кызматын тапшырып берген. Учурда төраганын милдетин убактылуу Марат Ташбаев жетектөөдө. Бирок уставга ылайык бул кызматка төраганын орун басары келиши керек эле. 

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118