Жаңылыктар
УКМК: Баткенде мыйзамсыз делген 17 тоннадан ашык кургатылган жемиштер кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Баткенде мыйзамсыз делген 17 тоннадан ашык кургатылган жемиштер кармалды

Баткенде мыйзамсыз делген 17 тоннадан ашык кургатылган жемиштер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. 

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Баткен райондук сотунун санкциясынын негизинде, УКМК чек ара кызматы менен биргеликте тинтүү жүргүзгөн. Анда Ош облусунун тургунунун башкаруусундагы “Volvo-FN” жүк ташуучу унаа кармалган. 

Ичинен жалпы салмагы 17 тоннадан ашык кургатылган жемиш табылган.Такталган боюнча, кургатылган мөмө-жемиштер мамлекеттик чек арадан сырткары жерлер аркылуу коңшу мамлекеттен өлкө аймагына мыйзамсыз киргизилгендиги аныкталды. Аталган унаа жүгү менен тергөө иш-аракеттери аяктаганга чейин УКМКнын Достук чек ара постуна жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилди. Учурда, бул иш боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.