Бишкек - Ош - Кара-Балта жолунда кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулууда. Унаалардын саны көбөйгөндүктөн, жолдун бир тарабын кеңейтүүгө туура келип, жол куруу иштери жүргөн.
Анда жүздөн ашуун бак кыйылган. Кийин ал бактарды калыбына келтирүү үчүн жаңы көчөттөрдү отургузуу иштери 2019-жылдын күз айларында башталган. Бүгүнкү күндө 1525 түп бак отургузулду. Эми кийинки жуманын аягына чейин дагы миңге жакын бактын көчөтүн отургузуу пландалууда.
“Бүгүнкү күндө кыйылган бактардын ордуна жаңыларды отургузуп жатабыз. Ар бир көчөттүн өсүп кетишине ылайыктап тигип жатабыз. Жергиликтүү тургундарга кайрылып кетким келет. Кечээ эле жаңы отургузулган бир нече кайын уурдалды. Бул боюнча тиешелүү органдарга кайрылып, жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сурандык. Көчөттөрдүн отургузулушу биз үчүн эмес, сиздер үчүн болуп жатат. Колдон келсе бир чака суу болсо да сугарып, жардам берүүңүздөрдү өтүнөм",- деди эколог Татьяна Волкова.