Жаңылыктар
Ош шаарында 16-17-апрель күндөрү жалпы ишембилик өтөт
Аймак
Ош шаарында 16-17-апрель күндөрү жалпы ишембилик өтөт

Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев шаар аймагында жазгы үч айлык толук кандуу жүрбөй жаткандыгын айтып, 16-17-апрель күндөрү менчигинин түрүнө карабай бардык ишканалар (дүкөн, кафе, ресторан, май куюуучу жайлар), мамлекетик жана муниципалдык мекемелер, көп кабаттуу үйлөр, жеке турак-жайлар короолорун тазалап, ирээтке келтирүү талабын койду.

Ошондой эле, майдын алгачкы күндөрү “Таза короо” кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгат. Ага байланыштуу бүгүндөн баштап штабдын мүчөлөрү шаар аймагын кыдырып, короо жайлардагы тазалыктарды текшере баштайт. 

Эске салсак, 15-апрель күнү Ош шаарынын вице-мэринин катышуусунда жазгы үч айлык боюнча штабдын отуруму өткөн. Анда санитардык тазалоо жана “Таза короо” кароо-сынагы боюнча эки маселе каралган.