Жаңылыктар
Өлкө аймагында 16-18-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүcү күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында 16-18-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүcү күтүлөт

16-апрелден 18-апрелге  чейин  абанын  температурасынын  жогорулашына  жана  күтүлүп  жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын  тоолуу  райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Бишкек-Ош  унаа  жолунун 132-137- (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255- (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),  Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка  унаа  жолунун  71-75-(Чапчыма ашуусу), 200-215 - (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-76, 86-88, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-300- (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 161-179- (Талдык ашуусу)  жана Каракол-Эңилчек  унаа  жолунун  76-90-чакырымдарында - (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот. 

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл,- деп эскертет ӨКМ.