Жаңылыктар
Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагындагы ички чарбалык унаа жолго түшкөн кар көчкү тазаланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагындагы ички чарбалык унаа жолго түшкөн кар көчкү тазаланууда

Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында 2021-жылдын 15-апрель күнү саат 18:30 чамасында Кульцентр-Чөгөм-Загара  ички чарбалык унаа жолунун 7-8-чакырымдарында көлөмү болжол менен 3500м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы жабылган. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

15-апрель күнү тазалоо иш-чаралар жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Бүгүн, 16-апрель күнү тазалоо иш-чаралар улантылууда.