Нарын шаарында Нарын дарыясынын түндүк тарабынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга тез жардам бөлүмүнөн 15-апрелде саат 17:50 чамасында Нарын шаарынын 64 аймагынан бир киши сууга түшүп кеткендиги тууралуу билдирүү келген.
Аталган билдирүү Нарын ШИИБдин электрондук каттоосуна алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Ал жердеги тургундар бир киши сууга түшүп кеткенин айтышкан.
Издөө иштеринин жүрүшүндө Нарын ОИИБдин кызматкерлери тарабынан ушул эле күнү саат 00:15 чамасында Нарын суусунун түндүк тарабынан белгисиз кишинин жансыз денеси табылган.
Учурда ал кишинин өздүгүн тактоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.