Жаңылыктар
Чек ара маселесиндеги чечимдер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда - Камчыбек Ташиев
Чек ара
Чек ара маселесиндеги чечимдер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда - Камчыбек Ташиев

Чек ара маселеси боюнча бардык чечимдер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда. Бул туурасында мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйынында айтты.

Күн тартибине ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Протокол талкууга алынды.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, Протоколдо көрсөтүлгөн бардык чечимдер эки өлкөнүн мамлекеттик кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилген.

«Бардык чечимдер мамлекеттин, чектеш аймактарда жашаган жарандардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда жана мындан ары карай да кабыл алынмакчы. Протоколдун ар бир пункту талашка түшүп, көптөгөн күч-аракеттер аркылуу гана мамлекеттик жерибиздин ар бир метрин жактадык. Учурда эл арасында толук маалыматка ээ болбостон, талдоого албастан мени сынга алгандар болууда. Мен, өкмөттүк делегациянын башчысы катары, өзүмө чоң жоопкерчиликти алдым жана убакыт бардыгын өз ордуна коюп, кезинде бул тарыхый чечим болгондугун айтышат», - деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары аталган протокол боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын күчтөндүрүүсү зарыл.

Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына Протоколдун мындан аркы ишке ашырылышы боюнча, мамлекеттик чек аранын өтүүсүнүн долбоордук линиясын белгилөө боюнча талаа иштерин өткөрүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.