УКМК "Унаа" мамлекеттик мекемесинде жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн квалификациялык экзамендерди тапшырууда туруктуу коррупциялык схема түзүп алышкандыгы аныкталды. Такталгандай, мекеменин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең учунан сүйлөшүп алып, айдоочуларды тестирлөөнүн автоматташтырылган системасына кирүү менен анын жыйынтыктарын бурмалашкан. Натыйжада, айдоочулук мектептерде тиешелүү окуудан өтпөгөн адамдарга айдоочулук күбөлүк берилип жүргөн.
Мындан улам, Ош шаарындагы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси жана облус боюнча жетекчиси компьютердик тестирлөөдөн жана практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөндүгү үчүн автомектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн 5000 сом өлчөмүндө каражатарды системалуу түрдө алып турган фактылар аныкталган.
Жыйынтыгында, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бүтүрүүчүлөрү биринчи жолу экзаменде эле айдоочулук күбөлүк алышкан. Учурда ушуга окшогон схемаларды "Унаа" мамлекеттик мекемесинин башка аймактык бөлүмдөрүндө түзүлгөндүгүн аныктоо, ошондой эле бул коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын жоопко тартуу иштери жүрүп жатат.