Жаңылыктар
Кытайдын борборун кумдуу шамал каптады
Дүйнө
Кытайдын борборун кумдуу шамал каптады

Кытайдын борбору Пекин шаарында асман саргарып, абанын булганышы кескин жогорулады. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кытайдын түндүгүнөн келген катуу шамал шаарды аралап өткөн.

Пекиндин аба сапатынын индекси бейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 16: 00гө карата 324кө чейин көтөрүлгөнүн муниципалдык кызматкерлер билдирди. Кумдуу жана чаң аралашкан шамал Монголия менен Кытайдын Ички Монголия аймагынан келип чыккан.