Жаңылыктар
«Унаа» мамлекеттик ишканасындагы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамен алууда коррупциялык схема аныкталды
Коррупция
«Унаа» мамлекеттик ишканасындагы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамен алууда коррупциялык схема аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК "Унаа" мамлекеттик мекемесинде жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн квалификациялык экзамендерди тапшырууда туруктуу коррупциялык схема түзүп алышкандыгы аныкталды.

Такталгандай, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең учунан сүйлөшүп алышып, айдоочулардын тестирлөөсүнүн автоматташтырылган системага кирүү менен тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан.

Натыйжада, айдоочулук мектептерде тиешелүү окуудан өтпөгөн адамдарга айдоочулук күбөлүк берилип жүргөн.

Мындан улам, Ош шаарындагы "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси «А.А.М.» жана Ош абласты боюнча жетекчиси «А.Б.Ж.» компьютердик тестирлөөдөн жана практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөндүгү үчүн автомектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн 5000 сом өлчөмүндө каражатарды системалуу түрдө алып турган фактылар аныкталган, жыйынтыгында, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бүтүрүүчүлөрү биринчи жолу экзаменде эле айдоочулук күбөлүк алышкан.