15-апрелде саат 15:30 чамасында Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында Бообек айылынан, Кемин районунун 37 жаштагы тургуну өзүнө таандык Лексус LX470 үлгүсүндөгү кара түстөгү жол тандабас унаасы менен “Коопсуз шаар” көчмө “Автопатруль-Радар” аппараттык-программалык комплексин сүзүп, тебелеп белгисиз тарапка качып кеткен.
Жогорудагы унаа изи сууй электе Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери тарабынан кармалып, айып короосуна киргизилип, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталды. Көчмө “Автопатруль-Радар” аппараттык-программалык комплексинин наркы 2 миллион 324 миң 477 сомду түзөт.