Жаңылыктар
Акыркы 24 сааттын ичинде 1 миң 534 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Акыркы 24 сааттын ичинде 1 миң 534 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Республика боюнча акыркы 24 сааттын ичинде 1 миң 534 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди. Муну менен эмделгендердин жалпы саны 7 миңге жакындады. 

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар катталган жок.

Вакцинага байланыштуу бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0(312) 546521, 0(312) 546104.