Жаңылыктар
Тажикстанда медреселер жабылууда
Дин
Тажикстанда медреселер жабылууда

Тажикстандын Согди аймагындагы медреселер жабылууда. Мындай кадам алардын уставынын тиешелүү шарттарга жооп бербегенинен улам кабыл алыган. Ал эми кошуна Өзбекстандын жогорку окуу жайлары диний билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнөн документтерди кабыл албай, медресе бүтүрүүчүлөрүн кыйла убарага салды.

Тажикстанда жалпы 6 медресе болсо, анын беши Согди облусунда жайгашкан. Бул диний окуу жайларда 300дөн ашуун окуучу билим алып келген. Эми аталган медреселерде билим берүүгө тыю салынды. Мындай кадам алардын уставынын тиешелүү шарттарга жооп бербегенинен улам кабыл алынганы маалымдалууда. Ал арада кошуна Өзбекстанда да жогорку окуу жайларга кабыл алган комиссия өлкөдөгү медреселердин бүтүрүүчүлөрүн университке кабыл албай убарага салды.

Ал эми Кыргызстанда жалпы  90го жакын медресе жана 10 жогорку диний окуу жай болсо, анын ичинен 72 гана медресе документи жана талаптары боюнча стандартка жооп берет. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Бакыт Осмоновдун белгилөөсүндө коңшу мамлекеттерде оорун алган негиз Кыргызстанда жок.

Кыргызстандагы диний окуу жайлардын дипломун мамлекет тааныбайт. Медреселердин бүтүрүүчүлөрүнүн айрымдары мечиттерде имам же медреседе мугалим болуп эле иштебесе, көп учурда жумушсуз калып жатат. Андыктан турмуш-тиричиликке керектүү билим берүү максатында Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдында диний да, светтик да билим берген теологиялык колледж ачылган – деп кошумчалады Бакыт Осмонов.

Ал эми Араб таануучу, профессор Валижан Таңырыков  турмуш-шартка байланыштуу учурда диний билим берүү мекемелерине көбүнчө калктын аярлуу катмары балдарын берип жатат деген пикирин айтат.

Муфтият да акыркы жылдары медреселерде шарият илимин гана берип, араб тилин гана үйрөтпөстөн, кесиптик билим берүүнү да колго алды. Бишкектеги бир катар диний окуу жайларында, ашпозчулук, ширетүүчүлүк, электрик жана тикмечилик билимдери акысыз берилип келет. Ал эми ата-энелерден каржыланган атайын медресе-мектептерде бир нече чет тилдери жана компютердик программалоо предметтери окутулат – деп билдирди Муфтияттын фатва бөлүмүмүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Кыргызстандагы диний билим берген агартуу мекемелерин ирээтке келтирүүчү консепция 2014-жылы иштелип чыккан. Анда мектеп аяктап эле медреселерге тапшырган жаштарга светтик билим берүүчү долбоорлорду иштеп чыгуу маселеси камтылган. Ошондой эле муфтият тарабынан өлкөдөгү медреселер көзөмөлгө алынып турат.