Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов КМШ өлкөлөрүнүн парламенттерин учурдагы коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды.
Төрага дүйнө коомчулугу СOVID-19 пандемиясы менен күрөшүп жаткан учурда да терроризм жана экстремизм көйгөйлөрү актуалдуулугун жоготпой, мурдагыдай эле глобалдык жана аймактык коопсуздуктун негизги коркунучу катары калып жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Ислам мамлекети жана башка радикалдык топтордун идеологиясынын жайылуусуна, террордук уюмдарга жарандардын тартылуусуна, Афганистандагы жана Жакынкы Чыгыштагы абалга карата Кыргызстандын кооптонуусу тууралуу сөз кылды.
"Биз терроризм менен экстремизмге бөгөт коюп, аларга байланышкан жараяндарга, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө, адамдарды жана куралдарды сатууга, арам акчаларды адалдоого, коррупцияга жана терроризмди каржылоого каршы биргелешип күрөшүүбүз кажет", — деди Мамытов.
Сөзүнүн соңунда төрага конференциянын катышуучуларына Ирактагы өмүрү жана саламаттыгы коркунучта калган балдарды куткарып, аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча иш алып барган "Мээрим" гуманитардык миссиясы тууралуу маалымат берди.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов жетектеген делегация 14-апрель күнү "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында эл аралык парламенттик конференцияга катышуу үчүн Россияга учуп кеткен. Бул пандемия жарыялангандан бери биринчи офлайн жыйын болду.