Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамдары 43 миллион сомдон ашык бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаардык администрациясынын жооптуу кызматкерлерине карата, Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.
Такталгандай, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары бюджеттик каражаттарды үгүт иштерине жана жеке кызыкчылыктарга жумшоо максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 8-июнундагы "Бишкек шаарында жарандык демилгелердин долбоорлорун ишке ашыруу тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомун кабыл алуу менен бюджеттик каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө, 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында мыйзамсыз механизм түзүлгөн.
Ошол эле учурда, бул жарандык долбоорлор жалаң гана шаардык кеңештин жана Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин демилгеси менен ишке ашырылып, натыйжада 43 миллион сомдон ашык бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алуу иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле долбоорлор Бишкек шаарынын мэриясы эмес, түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылган. Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.