Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова 4 атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип, Азия чемпионатынын финалына чыкты
Спорт
Айсулуу Тыныбекова 4 атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип, Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Балбан кыз алгачкы беттешинде Сонам Маликке жолукмак, бирок индиялык спортчунун жаракатына байланыштуу жеңиш автоматтык түрдө Тыныбековага ыйгарылды. Экинчи атаандашы казакстандык  Ирина Кузнецованы 11:1 эсебинде жеңип, 3-каршылашы кореялык Ёнжин Квонду 10:0 эсебинде утту. Ал эми жарым финалдык баскычта өзбек спортчусу Рушана Абдирасулованы 8:2 эсебинде тизе бүктүрүп, чемпионаттын финалына чыкты. Чечүүчү беттеште Айсулуу Тыныбекова монголиялык Болортуя  Хурелхууга каршы чыгат.

Ошондой эле, кечээ 15-апрель күнү кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта Азиянын чемиону аталса, Айпери Медет кызы 76 кг салмак ченинде күмүш жана 59 килограммда Нураида Анаркулова коло байге тагынышкан.

Эскерте кетсек, Казакстандын Алматы шаарында 9-11-апрелде Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азия квалификациялык мелдешинде кыргызстандык балбандар Олимпиада оюндарына 6 жолдомо жана 9 медаль жеңип алышкан.