Жаңылыктар
УКМК: 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча тергөө иштери башталды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча тергөө иштери башталды

2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө трагедиялуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун республиканын чегинен тышкары тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгуусуна көмөктөшүү фактысы боюнча, Убактылуу Өкмөттүн кызмат адамдарына каршы иш козголгон.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2021-жылдын 15-апрелинде УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иштери башталды. 

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында башаламандыктардын чыгышынын себептери жана шарттары иликтенүүдө, ошондой эле трагедиялуу окуялардын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, күч структураларынын башчыларынын жана аймактык деңгээлдеги кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилмекчи.

УКМК бул кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары, ошондой эле ал боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдер жөнүндө тез арада коомчулукка маалымдамакчы.