Бүгүн, 16-апрелде КТРК имаратынын алдында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КТРКнын отличниги, ардагер радиожурналист Тенти Орокчиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана акындын кесиптештери, замандаштары, жакындары катышты. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.
Тенти Орокчиев эмгек жолун мугалимдик кесиптен баштап, бир нече гезиттерде баяндамачы, кийин илимий редактор болуп, "Манас" радиосунда "Таберик" уктуруусунун автору жана алып баруучусу болуп иштеген.
"Тенти Орокчиев бир катар повесть, ангемелерди которуп, өзүнүн ыр жайнагын чыгарган. Анын эмгектери жана элеси түбөлүктүү сакталат жана шакирттери үчүн табылгыс булак болуп кала берет, - деп эскеришет маркумдун жакындары жана кесиптештери.
Тенти Орокчиев Ысык-Көл облусунда Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылы 8-сентябрда төрөлгөн. 1974-жылдан тартып 2002-жылга чейин Коомдук телерадиокорпорациясында эмгектенген.