Жаңылыктар
Насыяларды кечүү маселесин банктар чечет
Кыргызстан жаңылыктары
Насыяларды кечүү маселесин банктар чечет

Банктардын ар бири өзүнчө иштейт, андыктан насыяларды кечүүнү алардан эч ким сурай албайт. Ар бир финансы-кредиттик уюмдардын киреше алууда өздөрүнүн максаттары бар экендигин ар бирибиз түшүнүшүбүз керек, - деди Улуттук банктын өкүлү Ильичбек Султанкулов. 

Адистердин айтымында, насыя алып оор социалдык абалда калган жарандарга жардам көрсөтүү максатында өкмөт тийиштүү токтом кабыл алган. Ага ылайык, каржы-насыялык уюмдарга 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сомдон ашпаган суммада насыя алган жарандарды ошол жылдын декабрь айында жана 2021-жылдын январь, февраль айларында насыянын пайызын кошпоо сунушталган. 

Улуттук банктын маалыматы боюнча, республикадагы 673 миңден ашык жаран пайыздар боюнча төлөмдөрдөн бошотулган. Бул максатта болжол менен 1 млрд. 203 млн. сом талап кылынган. Ал эми 2021-жылга республикалык бюджеттен 1 млрд. 253 млн. сом каралган. Бардыгы болуп финансы-кредиттик уюмдарга 734 миллион сом которулган.