Жаңылыктар
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун иши сынга кабылды
Саясат
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун иши сынга кабылды

Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мамлекеттик ишканалар менен иш жүргүзүү боюнча башкармалыгы жарым жылдык  иш планын  канааттандырарлык аткарган жок. Мындай тыянакты мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы,  коллеягияда  ачыктады. Кварталдык отчеттун негизинде  мамлекеттик ишканалар менен иш жүргүзүү  башкармалыгы өлкөдөгү мамлекеттик ишканаларга текшерүү  иши  боюнча тапшырманы  аягына чыгарган эмес. 

Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фондду биринчи кварталдык отчетунун жүрүшүндө мамлекеттик ишканалар менен иш жүргүзүү башкармалыгынын ишин премьер-министр жана фонддун төрагасы  сынга алды. Эми мындан ары  мамлекеттик мүлк фонду ишмердүүлүгү кандай алгылыктуу иштерди жүргүзөт аны убакыт көрсөтөт.