Жаңылыктар
Президент кыргызстандыктарды бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоого чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент кыргызстандыктарды бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоого чакырды

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактап, эгер коронавирус инфекциясынын алгачкы белгилери байкалса тезинен ооруканаларга кайрылууга чакырды. Эске салсак, өлкө башчысы күн мурун Ковид-19 илдети менен ооруп жаткан бейтаптар жаткырылган бир катар ооруканаларды кыдырып чыккан. Абал өтө оор болбосо да, жугуштуу оору ыкчам жайылууда.