Өлкөдө карантин киргизилбейт. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Министр жарандарды жигердүү эмделүүгө чакырды. Анткени калктын 70 пайызы эмделмейинче, жамааттык иммунитет болбойт.