Жаңылыктар
Нарында эпидемиологиялык абал башка облустарга салыштырмалуу туруктуу
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында эпидемиологиялык абал башка облустарга салыштырмалуу туруктуу

Нарында эпидемиологиялык абал башка облустарга салыштырмалуу туруктуу. Бирок, 16-апрелге карата коронавирусту жаңы жуктуруп алган учур катталды. Ушуну менен инфекцияны жуктуруп алгандардын жалпы саны дубанда 2 миң 514кө жетти. Ал арада Нарын облусундагы инфекциялык оорукананын курулушу жанданды. Буга чейин оорукананын курулушу 92 пайызга бүткөрүлгөн. Жалпы наркы 79 миллион сомдон ашык каражатка бааланган оорукана, заман талабына жооп берген бардык шарттары менен камсыздалат.