Пандемиянын экономикалык кесепеттери жоюла элек. Жыл башынан берки үч айдагы ички дүң продукциянын көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине карата тогуз жарым пайызга төмөндөдү. Айыл чарба азыктарынын баасы жогорулап жатат. Мындай кырдаал узакка созулбашы үчүн адистер тарабынан жазгы талаа жумуштары талаптагыдай жүрүп, саясий туруктуулук орношу зарыл экени эскертилди.