Жаңылыктар
Кыргыз коомчулугу ардагер радиожурналист, көп кырдуу инсан Тенти Орокчу уулун акыркы сапарга узатты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз коомчулугу ардагер радиожурналист, көп кырдуу инсан Тенти Орокчу уулун акыркы сапарга узатты

Бүгүн кыргыз коомчулугу ардагер радиожурналист, көп кырдуу инсан Тенти Орокчу уулун акыркы сапарга узатты. Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Коштошуу зыйнатына анын жакын туугандары жана кыргыз журналистикасында чогуу иштешкен кесиптештери катышты. Тенти Орокчу уулу кыргыз журналистикасына эбегейсиз чоң салымын кошкон. Анын чыгармачыл инсандар менен 200 саатка жакын маеги, уктуруулары Коомдук телерадиокорпорациясы менен Мамлекеттик архивдин алтын фондунда сакталып турат.