Бишкектеги №67 мектеп 3-майга чейин карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, мугалимдердин биринен COVID аныкталган. Андыктан окуучулар аралыктан окуу режимине өткөрүлдү. Мектеп имараты дезинфекцияланып жатат. Буга чейин борбор калаадагы №13, 28, 52 мектептер аралыктан окууга өткөн.