Кыргызстандын окуучусу Европалык кыздар арасындагы математика олимпиадасында жеңишке жетишти. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Грузияда өткөн олимпиадага 54 мамлекеттен 213 окуучу катышкан. Олимпиада аралыктан өткөрүлүп, өлкөнүн атынан 4 окуучу чыккан. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Элнура Анарбай кызы коло медалдын ээси болду. Белгилей кетсек, Европалык математикалык олимпиада 2012-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.