18-апрелдин таңына карата коронавирустан 3 адам көз жумду. Анын экөө Бишкектен, бирөө Ысык-Көл облусунан. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 244 жаңы учур катталды. 134 адам айыкты.
Эпидемия башталгандан бери коронавирус 91 883 адамда аныкталды, 86 907 киши айыкса, 1549 адам көз жумду.