Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Россиядагы иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Төрага Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын отурумдарынын жыйынтыгы жөнүндө кеп кылып, анда Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.
Ошондой эле Жогорку Кеңеш чет жердеги мекендештердин укугун жана кызыкчылыгын коргоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын билдирип, Төраганын алдында Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеӊеш түзүлгөнүн маалымдады. Талант Мамытов белгилегендей, аталган Кеңеш чет жердеги мекендештерди колдоо боюнча сунуштамаларды өз убагында иштеп чыгууну камсыздайт.
Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын турмушун жакшыртуу боюнча пикирлери менен бөлүштү. Төрага Талант Мамытов каза болгондордун сөөгүн Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-Карт" системасын киргизүү, Санкт-Петербург шаарында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелерге тиешелүү суроолорго жооп берди.