Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Маалыматка ылайык, абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоуна жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Чапчыма ашуусу, Каракысмак капчыгайындагы, Кара-Буура ашуусунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун айрым тилкелеринде, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун Долон ашуусунда жана Кара-Үнкүр капчыгайында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун Кара-Гөө ашуусунда, Ош-Сары-Таш автоунаа жолунун Талдык ашуусунда жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү ыктымал.
Жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот. Аныктан Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.