Жаңылыктар
ӨКМ: Сузакта сууга чөгүп кеткен кыздын сөөгү табылды
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Сузакта сууга чөгүп кеткен кыздын сөөгү табылды

Сузакта сууга чөгүп кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айылында Көк-Арт дарыясына 13 жаштагы кыз чөгүп кеткен. Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 14 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан кыздын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.