Жаңылыктар
Москвадагы мекендештерибиз Касьяновдордун фостердик үй-бүлөсү учурда 10 баланы тарбиялоодо
Мекендештер
Москвадагы мекендештерибиз Касьяновдордун фостердик үй-бүлөсү учурда 10 баланы тарбиялоодо

Москвадагы мекендештерибиз тарабынан түзүлгөн Касьяновдордун фостердик үй-бүлөсүндө 10 бала бар. Эльмира Касьянова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда көп балалуу үй-бүлөдө туулган. 

Мектептен кийин Россияга окууга айыл чарба техникумуна тапшырып, ошол жерден болочок жолдошу менен таанышкан. Бүгүнкү күндө алар он баланы тарбиялап жатат. Улуу эки баласынан калган сегиз баланы багып алып, фостердик үй-бүлө түзүшкөн. Каарманыбыз мындан 14 жыл мурда балдар үйүнөн алгачкы эгиздерди багып алган. Аларды энеси - мекендешибиз балдардан баш тартып кеткен. Ал эми үчүнчү кызы Айгүл өз кызына аябай окшош болгондуктан, энелик жүрөгү элжиреп, аны дагы бир жашында багып алган. Калган беш баланы алар үч жыл мурда өз камкордугуна алган. Алардын үчөө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.