Жаңылыктар
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында 4 медаль утту
Спорт
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында 4 медаль утту

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын спортчулары Казакстандагы Азия чемпионатында 4 медаль багындырышты. 

Чемпионат 13-18-апрель күндөрү Алматы шаарында өттү. 125 килограмм салмакта күч сынашкан Айаал Лазарев 2-орунга ээ болсо, 3 орунга 61 кг салмакта Икрам Хаджимурадов, Исламбек Орозбеков жана 79 килограм салмакта Саякбай Усупов татыды.